Түркиянын түндүк-батышында 6,1 баллдык жер титирөө болду (видео)
Кечээ, 10-август кечинде Түркиянын түндүк-батышында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жер титирөө Балыкесир провинциясынын Сындыргы районунда катталды. Жер титирөөнүн очогу 11 чакырым тереңдикте жайгашты.
Жаратылыш кырсыгынан улам Сындыргыда бир имарат урап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, урап калган имараттын астынан төрт адам тирүү чыгарылды.
6,1 баллдык жер титирөөдөн кийин Балыкесирде үч жолу күчтүү кайталанма жер силкинүү катталды. Алардын эпицентри да Сындыргыда болгон: 4,6, 4,1 жана 4,0 балл.
Ички иштер министри Али Ерликаянын айтымында, жер титирөөдөн улам бир адам каза болуп, 29 адам жаракат алган. Жалпысынан 16 имарат урап түшкөн.
Түркиядагы жер титирөө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.