super.kg logo

Америкалык жаран ChatGPTнин кеңешинен улам психиатриялык ооруканага түштү

 

АКШда эркек киши үч ай бою туздун ордуна бромид колдонуп жүргөндүктөн ууланып, психоз абалына түшүп, психиатриялык дарылоо мекемесине мажбурлап жаткырылды. Бул тууралуу "Annals of Internal Medicine" журналы америкалык кардиология ассоциациясынын дарыгерлерине шилтеме берип жазды.

Бейтап ооруканага паранойя, галлюцинация жана суу ичүүдөн баш тартуу симптомдору менен түшкөн. Ал коңшусу ууландырып жатканын айтып, шекшип жүргөндүгүн билдирген. Дарыгерлер анын организминде бромиддин деңгээли өтө жогору экенин аныктап, дароо психиатриялык бөлүмгө жаткырышкан.

Анын айтымында, тузду азыраак колдонгусу келип, ChatGPT берген кеңешке ылайык тузду бромидге алмаштырган. Текшерүүлөр көрсөткөндөй, жасалма интеллект чындыгында эле кооптуу экенин эскертпестен ушундай кеңеш бериши мүмкүн экени аныкталган.

Үч жумалык дарылоодон кийин бейтап ооруканадан чыгарылды. Вашингтон университетинин дарыгерлери бромид мурда медицинада колдонулганын, бирок уулуу болгону үчүн колдонуудан чыгарылганын эскертишти. Азыр ал айрым гана ветеринардык дары-дармектерде жана кошумчаларда кездешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: