super.kg logo

Трамп Вашингтондогу үйү жок адамдарды шаардан чыгаруу планын жарыялады

 

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу үйү жок адамдарды шаардан чыгарып, борбордон алысыраак жерге жөнөтүүнү каалап жатат. Бул тууралуу CNBC News басылмасы билдирди.

Жекшемби күнү Трамп өлкө борборунан үйү жок адамдарды чыгарып, кылмышкерлерди түрмөгө камай турганын убада кылды. Ал муну Вашингтон мэри шаарда кылмыштуулуктун өсүшү жок экенин айтканына карабай жарыялады.

"Үйү жоктор дароо көчүшү керек. Биз сиздерге турак жай беребиз, бирок борбордон алыс жерден. Кылмышкерлер, силерге көчүүнүн кереги жок - силерди түрмөгө отургузабыз, силердин ордуңар ошол жак",- деп жазды Трамп Truth Social баракчасына.

Ак үй Трамп бул кадам үчүн кайсы юридикалык ыйгарым укуктарын колдонору боюнча түшүндүрмө берген жок. Басылманын маалыматына караганда, президент Вашингтондогу федералдык жерлерди жана имараттарды гана көзөмөлдөйт.

Трамптын бул билдирүүсү акыркы күндөрү округдагы кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча анын риторикасынын күчөшү менен дал келди. Бул, мурда Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу департаментинин кызматкери болгон адамга кол салуу окуясынан кийин орун алды.

Ак үйдүн өкүлү жума күнү шаарга федералдык укук коргоо органдарынын кошумча кызматкерлери жөнөтүлүп жатканын билдирген.

Трамптын Truth Social’дагы постунда Вашингтондогу чатырлар жана таштандыларга толгон көчөлөрдүн сүрөттөрү жарыяланган.

Community Partnership уюмунун маалыматына караганда, калкы 700 миңдей адам болгон Колумбия округунда ар бир түнү 3 782 адам үйсүз калат. Алардын көбү убактылуу баш калкалоочу жайларда же убактылуу турак жайларда жашайт. Ал эми болжол менен 800 адам түздөн-түз көчөдө жашагандар катары эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: