Тель-Авивде Газаны басып алуу пландарына каршы нааразычылык акциялары өттү
Израилдин премьер-министрин Биньямин Нетаньяхунун Газа секторундагы согушту күчөтүү боюнча пландарына каршы Тель-Авивде 100 миңден ашуун адам көчөгө чыкты. Бул тууралуу “Барымтага алынгандар жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнүн форуму” коомдук уюмуна шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.
The Times of Israel басылмасы бир нече шаарда да он миңдеген адамдар чогулганын кабарлады.
Митингге чыккандар согуштук аракеттерди токтотууну жана Газа секторунда куралдуу топтордун колунда калган 50 чакты туткунду бошотууну талап кылышты.
Израилдин Коопсуздук кабинети бир нече күн мурун Газа шаарын басып алуу чечимин кабыл алган. Axios агенттиги билдиргендей, буга чейинки он сааттык кеңешмелерден кийин чечим чыгарылган. The Washington Post маалыматына караганда, Израил армиясынын кээ бир жогорку жетекчилери бул чечимге каршы болушкан. Ynet агенттиги алардын арасында Башкы штабдын жетекчиси Эяль Замир бар экенин жазган.
Axios басылмасынын айтымында, бул кадам Газа секторунун толук басып алынышына алып келиши мүмкүн жана операция бир нече айга созулушу ыктымал.
