Ырчы Шакира Казакстанда концерт коюшу мүмкүн
Казакстанда Женнифер Лопестин концертин уюштурган команда азыр колумбиялык ырчы Шакира менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Instagram’дагы баракчасында блогер Камиль Байрамов продюсер Малик Хасенов менен маектешүүсүн бөлүшкөн. Ал Лопестин Астанадагы концертин уюштурган жана маек учурунда Байрамов күйөрмандарынын Шакиранын шоу-программасын өлкөдө көрүү каалоосун айткан.
"Силерге кичине сыр айтайын. Биз азыр анын командасы менен сүйлөшүү процессиндебиз, бул сүйлөшүүлөрдү ушул күздө жыйынтыктайбыз деп үмүттөнөбүз",- деген Хасенов.
Белгилей кетсек, быйыл апрелде маданият министри Аида Балаева да Лара Фабиан жана Шакиранын концерттерине барууну кааларын билдирген.
Учурда Шакира дүйнөлүк Las Mujeres Ya No Lloran аттуу гастролдук турнеде. Бул тур 11-февралда Рио-де-Жанейродо башталган жана анын 2018-жылдагы El Dorado турунан кийин өткөн алгачкы ири гастролу болуп саналат.
Эске салсак, 1-августта "Астана Арена" стадионунда атактуу ырчы Женнифер Лопес концерт берген. Кечээ, 10-августта ал Алматыда сахнага чыкты.
