Орусияда батирден 49 жаштагы аялдын жана анын эки баласынын сөөгү табылды
Орусиянын Екатеринбург шаарында 49 жаштагы аял эки баласын өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 10-августта таң эрте шаардагы батирлердин биринен аял 49 жаштагы кызынын жана анын балдарынын – 9 жаштагы бала менен 3 жаштагы кыздын жансыз денесин тапкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аял алгач балдарын өлтүрүп, андан соң өзүн жанын кыйган.
Сөөктү тапкан аял кызы жакында эле депрессияга кабылганын айтууда. Балдарын күйөөсү жок багып, аймактык клиникада дарыгер болуп иштеген.
"Психологиялык-психиатриялык экспертиза болот, анткени эмне болгонун түшүнүү керек. Мен токсикологияны да карайт элем - адам кандайдыр бир психоактивдүү заттардын таасири астында болушу мүмкүн. Аялдардын энелик инстинкти чоң экенин унутпашыбыз керек жана өз балдарына карата мындай аракеттер өтө олуттуу психикалык бузулууга гана алып келиши мүмкүн",- деп белгиледи ал.
Психолог аял төрөттөн кийинки депрессияга кабылышы мүмкүн деп эсептейт, анткени ал күйөөсү жок балдарын жалгыз багып жаткан.
Буга чейин балдарын өлтүрүүгө шектүү аял жабык Лесной шаарындагы клиникадагы жаңжалдан кийин Екатеринбургга көчүп кеткени белгилүү болгон.
