super.kg logo

Жаран баланын колунан 2 миллион рублга жакын акчаны уурдай качты

 

Орусиянын Новосибирск шаарында белгисиз адам баланы бычак менен коркутуп, анын дээрлик 2 миллион рубль салынган сумкасын алып качып кетти. Бул тууралуу "112" Telegram каналы билдирди.

Татьяна Снежина көчөсүнөн белгисиз адам баланын артынан чуркап келип, бычак менен коркутуп, анын баштыгын ала баштаган. Бала кыйкырып, жардамга чакырган, бирок жанында эч ким болгон эмес. Кол салган шектүү баштыкты жулуп алып, качып кеткен.

Басылманын маалыматына караганда, ата-бала банкка ири сумманы алуу үчүн барышкан. Алар 1 миллион 700 миң рубль алган. Атасынын капысынан иши чыгып, баласына акчаны берип, үйүнө жөнөткөн. Шектүү банктын алдында баарын көрүп, баланын артынан түшкөн.

Ал кылмыш болгон жерден унаасы менен качкан, бирок көлчүккө тыгылып калган. Унаасын таштап, өзү качып кеткен. Шектүү кармала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: