super.kg logo

Казакстанда аял полиция кызматкеринин сулуулугу талкуу жаратты

 

Казакстанда жаран менен полиция кызматкеринин ортосундагы сүйлөшүүнүн видеосу социалдык тармактарда тарады. Коомчулуктун көңүлүн бул видеодогу жаңжал эмес, тескерисинче, полиция кызматкеринин сырткы келбети жана өзүн алып жүрүү манерасы бурду.

Социалдык тармак колдонуучулары аны легендарлуу италиялык актриса Моника Беллуччиге салыштырып, анын көрүнүшүн гана эмес, өзүн тынч жана сабырдуу алып жүргөнүн да белгилешти.

Видеодо автор полиция кызматкеринен кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүнү талап кылат. Кызматкер күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартып, өзүнүн наамын жана атын "полиция полковниги Саидова Лейла" деп так айтат. Ошондой эле ал авторго арыз жазууну сунуштайт, бул анын мыйзамдуу укугу экенин баса белгилейт.

"Арыз жазыңыз. Бул - сиздин укугуңуз",- деп сабырдуу жооп берет Саидова.

Видеонун автору кийин социалдык тармактагы баракчасында окуяны түшүндүрүп, полиция кызматкерин шалаакылык жана кызматтык милдетин аткарбоо менен айыптады. Анын айтымында, ал Саидовадан мыйзам бузуу фактысын каттоону жана арызын кабыл алууну өтүнгөн, бирок жооп иретинде орой мамиле көргөн.

Ал эми комментарийлерде "Кандай сулуу жана сабырдуу", "Моника Беллуччиге аябай окшош экен", "Бул айым кесибин туура эмес тандап алган сыяктуу, анын орду кинодо" деп жазышууда.






11.08.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: