Кыргызстан Вьетнам, Грецияга тамеки продукциясын экспорттоодо
Ноокат району акыркы жылдары тамеки экспортуна өзгөчө көңүл буруп, көлөмүн көбөйткөн. Натыйжада Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Орусия жана Казакстанга жөнөтүлгөн тамеки продукциясынын экпорту өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча CJSC "Constant Leaf Tobacco" ишканасы тарабынан Вьетнамга:
- 2023-жылы — 29,3 тонна,
- 2024-жылы — 60 тонна табигый тамеки экспорттолгон.
Ал эми "Баек" (LLC "BAEK") фирмасы тарабынан Грецияга ферменттелген тамекинин экспорту:
- 2024-жылы 154 тонна,
- 2025-жылы 170 тонна түзгөн.
Мындан тышкары, тамеки калдыктары боюнча дагы олуттуу экспорттук көрсөткүчтөр орун алган. Алсак, 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Орусияга 561 тонна, 2025-жылы Орусияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна тамеки калдыктары экспорттолгон. Бул көрсөткүчтөр тамеки тармагындагы ишканалардын экспорттук потенциалы өсүп жатканын айгинелейт. Өзгөчө Европа жана Азия өлкөлөрүнө туруктуу экспорттун жолго коюлушу — аймактагы ишкердиктин жана айыл чарбанын өнүгүшүнө чоң салым кошууда.
