super.kg logo

Австралия сентябрда Палестина мамлекетин расмий таанууну пландоодо

 

Австралия падышасы Энтони Албанезе сентябрда боло турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында Палестина мамлекетин расмий таануу чечимин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Албанезе жыйындан кийин журналисттерге берген маалыматында өлкө Палестина мамлекетин таануу чечимин кабыл алганын айтып, бул чечимди сентябрдагы БУУ Башкы ассамблеясында расмий бекитүү пландаларын белгиледи.

"Газадагы кагылышуу, жапа чеккендер жана ачарчылыкты токтотуу үчүн эки мамлекеттүү чечим адамзаттын үмүтү болуп саналат",- деди ал.

Газадагы ачарчылыкка да кеңири токтолду.

"Газадагы кырдаал дүйнөдөгү эң чоң коркунучтардан да ашып кетти. Израил өкмөтү эл аралык укукту бузууда, жардамды, тамак-ашты жана сууну жетиштүү берүүдөн баш тартууда", - деди Албанезе.

Ал Палестинаны таануу чечимин символдук гана деп эсептөө пикирлерин четке какты жана бул чечим маанилүү дем берүүчү кадам экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: