Токаев менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү
Кечээ, 10-августта Украина тараптын демилгеси менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу Акорда басма сөз кызматы кабарлады.
Сүйлөшүү учурунда Украинадагы кырдаалды жөнгө салуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. Токаев украин элине, анын тарыхына, маданиятына жана тилине болгон урмат-сыйын билдирип, Казакстан эл аралык укуктун принциптерине негизделген туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин баса белгиледи.
Казакстандын президенти белгилегендей, Астана башынан эле адилеттүү негизде тынчтык формулаларын биргелешип издөө үчүн чыгып келген жана дайыма БУУнун Уставын, мамлекеттердин чек арасынын кол тийбестиги жана аймактык бүтүндүгүн сактоо принциптерин колдоп келет.
Сүйлөшүү учурунда Казакстан менен Украинанын өз ара кызыкчылыктарга жооп берген ар кыл тармактарда активдүү кызматташууну улантуу ниети дагы белгиленди.
Зеленский өзүнүн Telegram-каналында Казакстандын Украина эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн Токаевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал сүйлөшүү маалында Токаевге АКШнын президенти Дональд Трамп жана Европа өнөктөштөрү менен жүрүп жаткан дипломатиялык иштер жана жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат бергенин кошумчалады.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон Орусиянын лидери Владимир Путин менен байланышып АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдүн алкагында маектешти.
