super.kg logo

Ташиев Ноокенден жолугуп кызмат убадалаган Немат уулу менен Нарында кайра жолукту (видео)

 

Бүгүн, 11-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан обьекттер менен таанышууда.

Атайын кызматтын башчысына президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев калаада бардык шарттары менен муниципалдык мончо курулуп жатканын айтып, мончо мэриянын карамагында болорун, киреше да калаа башкармалыгынын казынасына түшөрүн билдирди.

Ташиев Нарын шаарынын башчысы Жайнак Немат уулуна кайрылып, мэрияга өткөн мүлктөргө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин айтты.

"Нарындын мэри эми байыйт экенсиз да. Мамлекет куруп, өткөрүп берип жаткан мүлктөрдүн бардыгын жакшылап карашыңар керек. Чарбачыл болушуңуз керек",- деди ал.

Эске салсак, 25-июлда Жайнак Немат уулу Нарын шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал бул кызматка келгенге чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Немат уулуна акимдик кызматты убадалаган эле.

Атайын кызматтын башчысы 22-июлда Ноокен районуна барганда Немат уулу аталган аймактын акиминин орун басары болчу.






11.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: