super.kg logo

"Кимиңерди текшертейин?" Ташиев Нарында айыл өкмөттөргө эскертүү берди

 

Бүгүн, 11-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына болгон иш сапарында айыл өкмөттөрдүн башчыларына эскертүү берди.

"Коррупция жокпу? Кимиңерди текшертейин? Өткөндө бирөө "мени текшертиңиз" деп көкүрөгүн урду эле азыр түрмөдө отурат. Баарыңарга эскертип айтып кетейин, туугандарыбыз бар, анан ким эле ошол туугандарынын алдында уятка калайын десин? Ошондуктан таза иштегиле.

Эгер колуңар туткак болсо, дүнүйөгө кызыккан адам болсоңор, анда жумушту таштап коюп бизнес кылгыла. Элдин иши ушундай. Мына мен да элдин иши деп чуркап жүрөм. Таңга маал Нарынга учуп келдим, азыр Ошко учуп кетем. Андан ары Таласка, анан Жалал-Абадга барам. Ал үчүн мага эч ким эч нерсе төлөбөйт. Элдин иши деп жүрөм, силер да ошондой болушуңар керек. Анан айыл өкмөтү болсоңор эле жерди уурдаш же бир нерсе алып калуу деген болбошу керек",- деди Ташиев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: