Ошто Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган иш-чаралар талкууланды




Бүгүн, 11-августта облус башчысы Элчибек Жантаев кезектеги аппараттык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Отурумга анын орун басарлары, аппарат жетекчиси жана бөлүм башчылары катышты.
Жыйында облустун аймагындагы мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу жана аларды бузуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, жаңы окуу жылына даярдыктар, жаңы өндүрүш ишканалардын курулушу, камсыздандыруу тармагындагы абал, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган иш-чаралар талкууланды.
Жыйындын соңунда Элчибек Жантаев тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:00
2025-08-09

16:01
2025-08-08
Рейтинг:
0

