super.kg logo

"Коркуп жатасыңбы?" Ташиевди Ак-Талаанын акими конокко чакырмай болду (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Талаа районунун акими Мирлан Камчыбековго кайрылып, октябрь айында аймакка барарын айтты.

Атайын кызматтын башчысы Нарын шаарына болгон иш сапарында аны менен жолугуп, районго керектүү техникалардын тизмесин түзүп, президенттик администрацияга берүүнү тапшырды. Ташиев техникаларды райондун өзүндө тапшырыларын белгиледи.

"Ак-Талаага баралыбы? Конокко чакырбайсыңбы? Же коркуп жатасыңбы? Октябрдын башында барабыз. Баетовду жууп, тазалап, жолдорун оңдоп, мектептерди актап, сырдап даяр тур. Эл менен да жолугушабыз. Эгерде сенин ишиңе нааразычылыктар айтылса, анда "чатак" болот", - деди ал.

Камчыбеков УКМКнын жетекчисинин сунушуна макул экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: