Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 миллиард сом бөлүнгөнү айтылды
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусун өнүктүрүүгө быйылкы жылы 15 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди.
"Нарын облусу борбордон алыс, тоолуу аймакта жайгашкан. Мындан улам аймактын тургундарына көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралып келди. Ошондуктан урматтуу президентибиз жеке көзөмөлгө алып, бизге бир катар тапшырмаларды койду. Нарынды эл жашоого ыңгайлуу кылып, ар бир райондорун кайрадан түзүп чыгып, инфраструктураларын куруп, элге шарт түзүү милдеттендирилген",- деди ал.
Ташиев облустун аймагында 127 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.