Бишкекте экинчи кабаттан ыргытылган нарындык айыл өкмөттүн иши боюнча үч жаран кармалды (видео)

Маалым болгондой, 1-августта саат 1:30 чамасында "102" кызматы аркылуу болжол менен 45 жаштардагы эркек киши экинчи кабаттан кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат берилди. Жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1985-жылы туулган А.С., 1979-жылы туулган Б.У., жана 1987-жылы туулган С.М., аттуу жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук сот тарабынан 1-тергөө абагына камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалды.
Азыркы учурда окуя болгон жерден видео жаздыруулар алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жабырлануучу учурда Республикалык улуттук ооруканада оор абалда жатат. SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын тактоо максатында жабыркаган адам менен ооруканада жолугуп, болгон окуя тууралуу анын өз оозунан укту. Анда Нарын облусундагы башка айыл өкмөттүн башчыларынын аты аталган.
Батирдин экинчи кабатынан ыргытылган айыл өкмөттүн иши
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:37
2025-08-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.