super.kg logo

Токмокто энесин аёосуз сабап качып кеткен жаран кармалды

 

Чүй облусундагы Ак-Бешим айылында апасын аёосуз сабап, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Айта кетсек, 8-июлда 1966-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран дене жаракаттары менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилгендиги боюнча маалымат түшкөн. Аны 7-июлда 1986-жылы туулган Б.З. аттуу адам мас абалында уулу үйүнө барып сабап, качып кеткендиги аныкталды. SUPER.KG порталы да аталган жерге барып, жабырлануучулардан кабар алып, окуяны кенен чагылдырып келди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) негизинде кылмыш ишин козголду. Анын негизинде 1986-жылы туулган Б.З. аттуу жаранга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралып, издөө жарыяланды.

11-августта Б.З. аттуу жаран кармалып, тергөө иштери уланууда.

Тергөөдө кошумчалангандай, ал 4-июнда жабырлануучунун үйүн өртөгөнгө аракет кылган. Бирок, үй ээси эч кмге дооматы жок экенин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: