Кадамжайда жүзүмдөрдүн арасында баңги өсүмдүгүн өстүрүп жүргөн жаран аныкталды




Баткен облусунун Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагынын Калтак участкасында жашаган 65 жаштагы жаран өзүнүн үйүнүн короосунда баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүп жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шектүүнүн короосунан жана жүзүм дарагынын арасынан өзгөчө жыты бар, бою 2 метрге жеткен 4 түп баңги өсүмдүгү табылып, алынды. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул 13 килограмм 94 грамм салмактагы конопля өсүмдүгү экени аныкталды.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) жана 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-08-11

14:37
2025-08-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.