super.kg logo

“Ош базарынын" көчүрүлө турган соодагерлери Ташиев менен мэрге кайрылуу жасашты (видео)

 

“Ош базарынын" көчүрүлө турган соодагерлери УКМК төрагасы менен Бишкектин мэрине кайрылуу жасашты. Бул тууралуу видео соцтармакка тарады.

Кайрылган жарандар мэриянын кызматкерлери соода орундарын 9-августта бошотуп, чыгып кетүүсүн талап кылганын айтышкан. Алар жаңы базар курулуп бүткөнчө убакыт берүүнү же башка нерсе сунуштоону өтүнүшкөн. Анткени ар биринде кредит, карыз бар. Ошондой эле жарандар алардын болгон кирешеси базардан экенин айтып, убакыт берүүнү өтүнүшкөн.

Ал эми мэрияга кайрылганыбызда бул Ала-Арча дарыясынын жээгинен көчүрүлө турган соодагерлер экенин айтып, төмөндөгүдөй жооп берди.

“Баарыңарга белгилүү болгондой, акыркы 8 айдан бери Ала-Арча дарыясы тазаланып жатат. Ала-Арча дарыясы "Ош базардын" ортосунан агып жатат. Ошол себептен анын жээгиндеги соодагерлерге объектилер алынат деп бир нече жолу айтылган. Буга чейин бир нече жолу көчмө жыйындар өттү. Бардык тараптан жолдун жээгинде эч кандай курулуштар, имараттар, соода болбошу керек деп айтылды. Өткөн жумада соодагерлер менен жолугуп келдик. Азыр алардын дагы сунушун эске алып, жээктеги бир эле катарды алууну карап жатабыз. Анда 2-3 катар калып, 30-40тай соодагерди көчүрүүгө туура келет. Бул боюнча азыр комиссия иштеп жатат. Көчүрүлгөн соодагерлер жумушсуз калбашы үчүн мэриядагы вакансиялардан жумуш сунуштап жатабыз. Бул ар кандай кесиптер дворниктен баштап, бухгалтерге чейин. Ошондой эле мэриянын базардагы павильондору бар, арыз менен кайрылса ал жактан да орун бере алабыз. Мэрия дагы бир жолу биздин жарандарды мыйзамга караганга чакырат. Эң негизгиси элдин коопсуздугу. Бул жерлер соодага ылайыктуу эмес. Дарыяга жакын" ,— деди калаа мэринин орун басары Рамиз Алиев.






11.08

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: