Ошто 50 гектардан ашык жер мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды
Ош шаарында 50 гектардан ашык жер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өзүнүн жеке кызыкчылыктары жана материалдык же башка пайда алуу максатында мыйзамсыз жол менен 55,36 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которушкан. Ошону менен бирге, 51,97 гектар айыл чарба багытындагы жерлер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен.
Аталган факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
11.08.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-08-11

14:37
2025-08-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.