super.kg logo

АКШ: Трамп–Путин жолугушуусуна чейин Европа менен сүйлөшүүлөр болот

 

АКШ Трамп менен Путиндин жолугушуусунун алдында европалык өнөктөштөрү менен кеңешме өткөрө турганын убадалады. Бул тууралуу Польшанын премьер-министри Дональд Туск маалымат жыйынында билдирди.

Туск сүйлөшүүлөр кайсы убакта өтө турганын айткан жок.

Буга чейин Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, Европа лидерлери АКШ президенти Дональд Трамп менен Путиндин жолугушуусуна чейин сүйлөшүү өткөргүсү келип жатканын жазган.

Польшанын премьер-министри Трамп менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу "көптөгөн тынчсыздануулар жана чоң үмүт" бар экенин Reuters агенттиги аркылуу билдирди.

Ошондой эле ал Украинанын жана анын аймактарынын тагдыры Киевдин катышуусусуз чечилбеши керектигин кайталады.

Бүгүн, 11-августта Евробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Трамп менен Путиндин жолугушуусунун алдында шашылыш жыйын өткөрүшөт.

Эске салсак, Эске салсак, 15-августта Владимир Путин менен Дональд Трамп Аляскада жолугушат. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: