Жапаров көп аял алгандарга жаза жоопкерчилигин жойгон мыйзамды артка кайтарды
Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке кайтарды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мыйзам 25-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын негизги ченеми эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу болгон.
Каршы пикирлер Акыйкатчынын, Башкы прокуратурасынын, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык сотунун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалды.
Эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу эл аралык милдеттенмелерине ылайык келет. Мыйзам аялдарды дискриминациялоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын, бала укуктары жөнүндө конвенциянын, мамлекеттин гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерине туура келет. Ошондой эле аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт жана өлкөнүн мыйзамдарында бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.


