super.kg logo

Пашинян Путинге Трамп жана Алиев менен болгон жолугушуусу тууралуу айтты

 

Орусия президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, армян өкмөтүнүн башчысы АКШ президенти Дональд Трамп жана Азербайжан президенти Илхам Алиев менен болгон Вашингтондогу жолугушуусу тууралуу айткан.

"Владимир Путин Ереван менен Бакунун ортосунда туруктуу тынчтыкты камсыздоого багытталган кадамдардын маанилүүлүгүн белгиледи. 2020—2022-жылдардагы жогорку деңгээлдеги үч тараптуу макулдашуулар алкагында армян-азербайжан мамилелерин комплекстүү нормалдаштыруу, анын ичинде аймактагы транспорттук коммуникацияларды ачуу жаатында Орусиянын жардам берүүгө даяр экендиги айтылды", — деп жазылат маалыматта.

Орусия президенти Армениянын премьерине АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары жана Дональд Трамп менен Аляскада боло турган жолугушууга даярдык тууралуу айтты. Пашинян украин кризисин тынч жол менен чечүүгө багытталган кадамдарды кубаттады.

Ошондой эле сүйлөшүүдө тараптар Орусия менен Армениянын соода-ишкердик кызматташтыгы жөнүндө талкуулашты.

Эске салсак, Пашинян, Илхам Алиев жана Дональд Трамптын 8-августтагы Вашингтондогу жолугушуусунун жыйынтыгында Армения менен Азербайжан ортосундагы тынчтык жана мамлекеттер аралык мамилелер боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өсүү үчүн Трамп маршруту" транспорттук долбоорду камтыган үч тараптуу Вашингтон декларациясы кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: