super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык самбочулар Чэнду шаарында өтө турган дүйнөлүк оюндарга катышат

 

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 13-14-августта Кытайдын Чэнду шаарында өтө турган дүйнөлүк оюндардын алкагындагы самбо боюнча эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эки күнгө созулган бул спорттук иш-чарада медалдар жекече таймаштарда (эркектер жана аялдар арасында), ошондой эле аралаш командалык эсепте ойнотулат. Мелдештер Цзяньян маданий-спорт борборунун спорт залында өтөт.

Кыргызстандын намысын коргой турган улуттук курама команданын курамында Акак Үсөн кызы (54 ктилограмм), Саяк Бараканов (64 килограмм), Курманбек Замирбек уулу (71 килограмм), Бектен Эркебай уулу (88 килограмм) жана Бекназар Жээмырсаев (98 килограмм) бар.

Делегациянын курамында ошондой эле улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жана мелдештин калысы катары Антон Зверев бар.

Дүйнөлүк оюндар – Олимпиада оюндарынын программасына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлүүчү көп түрдүү спорттук иш-чара. Быйыл бул мелдеш Кытайда биринчи ирет, ал эми Азияда экинчи жолу өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: