super.kg logo

Ташиев Нарын районуна айыл чарба техникаларын тапшырды (фото)

 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында болгон иш-сапарынын жүрүшүндө атайын жана айыл чарба техникаларын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Иш-чарада Ташиев сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаров жалпы Нарын элине чоң салам жолдогонун айтып, Нарын облусу өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин, Нарынга дагы келип аткарылып жаткан долбоорлорго тыкыр көз саларын маалымдады. Учурда Нарын облусунда 127 объект курулуп жатат. Бул үчүн мамлекеттен 15 миллиард сом бөлүндү.

Нарында курулуштардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу иштей турган кол керектигин, жалпы эл дагы көмөктөшүүсүн баса белгиледи. "Бардык аймактарда мектептер, жолдор, бала-бакчалар, ооруканалар, оюн-зоок борборлор, сейил бактар элдин талабына ылайык сапаттуу курулуп бүтүшү керек. Көз боёмочулук болбосун", - деди Ташиев.

УКМК төрагасы Ак-Талаа районуна дагы техникаларды алуу үчүн керектүү техникалардын тизмесин даярдоону айтты.

Атай кетсек, Нарын районунун айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык ишканаларынын материалдык, техникалык базасын чыңдоо максатында ар бирине 10 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп, бөлүнгөн акча каражатына:
* 1 даана автогрейдер;
* 3 даана комбайн;
* 4 даана жүк ташуучу ХОВО;
* 1 даана жүктөгүч (погрузчик);
* 1 даана эксковатор алынды.

Жалпы 70 миллион сомдук 10 даана атайын жана айыл чарба техникалары алынды.

Ошондой эле жалпы 41 240 860 сомду түзгөн төмөндөгү атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды:

  • Ак-Талаа районундагы «Ак-Булак» сүттү кайра иштетүүчү цехин ишке киргизүү жана тоют базасын чыңдоо үчүн жалпы баасы 5 миллион сомдук – ҮТО LX804 трактору, чөп чапкыч Е-302, плуг, пресс-подборщик ZOOMLION
  • Ат-Башы районундагы инерттик курулуш материалдарын өндүрүү кызматын күчөтүү, бетон чыгарууга чийки заттарды даярдоо үчүн баасы 3 700 000 сомдук бир даана авто-бетон миксер;
  • Нарын шаарына курулуш иштерин аткарууга зарыл болгон, жалпы баасы 16 355 000 сомду түзгөн: авто-бетон миксер, автокран вышка, автокран манипулятор, автокран;
  • Нарын шаарындагы «Ордо-Тех» кызмат көрсөтүү ишканасына жалпы баасы 15 985 860 сомдук атайын техникалар: жүк ташуучу самосвал-ХОВО (HOWO) 2 даана, эксковатор Хюндай-145;
  • Нарын районуна 560 баш меринос койдун тоют базасын чыңдоо үчүн баасы 2 миллион сомдук БЕЛАРУС-892-2 трактору

Иш-чарада УКМК төрагасы бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, аткарылып жаткан жумуштардын мөөнөттөрүн жана сапатын өзгөчө көзөмөлгө алуу боюнча катуу тапшырмаларды берди. Ошондой эле октябрда Нарын облусунда жалпы курулуп жаткан объектилерди кайрадан жеринде көрүү үчүн келерин айтып, Ак-Талаа районуна да атайын иш сапарын уюштура турганын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.08.2025. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфонун калемгерлери жана журналистери. Техникалык каталарды карап койгулачы. Же силерге редактор болуп берейинби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: