super.kg logo

Иранда 11 күйөөсүн өлтүргөн аял өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

 

Иранда 22 жыл ичинде 11 күйөөсүн уулантып өлтүргөн аял өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды.

Мазендеран провинциясынан чыккан 56 жаштагы Колсум Акбари бир нече жолу турмушка чыгып, алардын мүлкүн жана калтырган байлыгын ээлөө максатында адам өлтүргөнүн мойнуна алды. Тергөө маалыматтарына ылайык, кылмыштар 2000-жылдан 2023-жылга чейин жасалып, көп убакыт бою байкалбай калган, анткени курмандыктардын өлүмү карылык жана оорулар менен байланыштуу деп эсептелген.

Акбари тааныштары аркылуу улгайган эркектерди таап, аларга турмушка чыккан. Андан соң ар кандай дары-дармектер, тынчтандыруучу каражаттар менен күйөөлөрүн акырындык менен ууландырып келген. Кылмыштар Сари, Нека, Махмудабад, Баболь жана Каемшехр сыяктуу бир нече шаарларда жасалгандыктан, окуялардын байланышын аныктоо кыйын болгон.

Акбаринин кармалышы 2023-жылы анын акыркы курмандыгы 82 жаштагы Голамреза Бабайдын өлүмүнөн кийин болгон. Голамрезанын үй-бүлөсүнүн досу аял мурда анын атасын ууландырууга аракет кылганын айткан. Бабайдын туугандары полицияга кайрылып, Акбари камакка алынган. Сурак учурунда ал кылмыштарын мойнуна алып, бирок алардын так санын билбей калган.

Кылмыш ишинде 11 адам өлтүрүү жана 1 адамды өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча айыптар бар. Акбаринин жактоочусу психиатриялык экспертиза өткөрүүнү суранган, бирок жабыркаган үй-бүлөлөр буга каршы болгон.

Прокуратура маалыматына караганда, ууланган күйөөлөрүнөн алынган мүлк Акбари тарабынан кызынын атына катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: