Колумбияда кол салууга дуушар болгон президенттикке талапкер каза болду
Колумбияда 2026-жылдагы президенттикке талапкер болгон сенатор Мигел Урибе Турбай июнь айынын башында болгон кол салуудан кийин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Blu Radio басылмасы кабарлады.
Дарыгерлер сенатордун өмүрүн сактап калууга эки ай күрөшкөнү менен, натыйжа берген эмес. Саясатчы бүгүн, 11-августта 39 жаш курагында дүйнө салды.
Эске салсак, кол салуу 7-июнда Боготанын батышында өткөн шайлоо алдындагы иш-чарада болгон. Эки куралдуу киши Мигель Урибе Турбайга артынан ок чыгарышкан. Ок саясатчынын башына тийген. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген.
8-июнда Боготанын мэри Карлос Галан шектүүлөр кармалганын билдирген. Колумбиянын коргоо министри Педро Санчес бул кол салууну өлкөгө жана демократияга жасалган чабуул деп атаган. El Tiempo гезити кармалгандардын бири өспүрүм куракта экенин кабарлаган. Сот отурумунда ал өзүнүн коопсуздугу үчүн курал алып жүргөнүн айтып, күнөөсүн жокко чыгарган.
Эске салсак, буга чейин Колумбияда келерки жылдын май айындагы шайлоодо президенттикке талапкер деп эсептелген сенатор Мигел Урибеге кол салуу болгону айтылган.
