Японияда суу ташкындарына байланыштуу массалык эвакуация жарыяланды
Япониянын үчүнчү ири аралы болгон Кюсюда бийлик рекорддук жаан-чачындан улам пайда болгон суу ташкыны жана көчкү коркунучуна байланыштуу массалык эвакуация жарыялады.
The Japan Times басылмасынын маалыматына ылайык, Кумамото префектурасында бир нече сааттын ичинде ондогон үйлөрдү суу каптады. Суунун агымы жолдогу унааларды агызып кетип, топурак жолдорду бузуп салган. Бир нече адам дайынсыз болуп жатат, бирок каза болгондор тууралуу маалымат жок.
Жергиликтүү бийликтин айтымында, эвакуация тууралуу билдирүү жалпы 3 миллионго жакын калкы бар аймактарга жайылтылган. Алардын ичинен 380 миңден ашуун адам эң кооптуу аймактарда жашайт. Куткаруучулар өз алдынча чыга албаган бир нече кары адамдарды суу каптаган үйлөрдөн чыгарып кетишкен.
Нөшөрлөгөн жамгыр региондогу темир жол каттамын да үзгүлтүккө учуратты. Тез жүрүүчү поезддерди иштеткен Kyushu Railway Co компаниясы абал турукташканга чейин кыймылды убактылуу токтотконун билдирди.
