Шаршембиде Зеленский Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшөт
13-августта Германия Европа лидерлеринин виртуалдык жолугушуусун өткөрөт. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Жолугушуудан кийин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү пландалууда.
Жолугушуунун биринчи бөлүгү Берлин убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Ага Германия канцлери Фридрих Мерцтен тышкары Финляндия, Франция, Улуу Британия, Италия, Польша өлкөлөрүнүн лидерлери, Еврокомиссиянын жана Европа кеңешинин жетекчилери, ошондой эле Украина президенти Владимир Зеленский жана НАТО башкы катчысы Марк Рютте катышат.
Берлин убактысы боюнча саат 15:00дө Европа лидерлери жана Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс менен телефон аркылуу сүйлөшүшөт.
Буга чейин Польшанын премьер-министри Дональд Туск АКШ Трамп менен Владимир Путиндин 15-августта Аляскада өтө турган жолугушуусунун алдында Европа лидерлери менен кеңеше турганын айткан.
