Украинадагы согушту токтотуу үчүн... Трамп Путин менен жолугушуусунун себебин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп 15-августта Аляскада өтө турган жолугушууда Орусия лидери Владимир Путинге Украинадагы согушту токтотуу тууралуу айта турганын пресс-конференцияда билдирди.
Америкалык лидердин айтымында, Путин чындап эле согушту бүтүрүүнү каалайт. Путин менен жолуккандан кийин Трамп Украина президенти Владимир Зеленский жана Европа лидерлери менен байланышууга ниеттенүүдө.
"Эгер Путиндин сунушу жакшы келишим болсо, мен аны Европалык лидерлерге, НАТОго жана Зеленскийге айтып берем", — деди Трамп.
АКШ президенти Аляскадагы саммиттен кийинки жолугушуу Путин, Зеленский жана Трамп ортосунда өтүшү керектигин белгиледи.
Ошондой эле Трамп 15-августта Аляскадагы жолугушууга Зеленскийдин катышпай турганын билдирди.
"Ал бул жолугушуунун бир бөлүгү эмес. Ал келсе болмок, бирок ал буга чейин көп жолугушууларга катышкан, бул ишти үч жарым жыл жүргүзүүдө, бирок натыйжа жок", — деди Трамп.
Буга чейин CNN басылмасы Зеленский Путин менен Трамптын жолугушуусунун учурунда Аляскада болоорун, бирок президенттердин саммитине катышпай турганын кабарлаган.
