Бекешев Иракта 40тан ашык кыргызстандык аял бар экенин айтты
Ирактагы 40тан ашык аял Кыргызстанга кайтарылышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, алар жаман шартта жашап, жардамга муктаж.
"Бүгүн мен Иракта дагы деле жүргөн аялдардын туугандары менен жолуктум. Алар дагы Кыргызстанга кайтарылышы керек, анткени алар биздин жарандарыбыз жана Конституция бизди аларга кам көрүүгө милдеттендирет.
Мен президенттин дагы ушул иретте алардын туугандарына жардам берип, кайтарылышына көмөктөшөт деген үмүттөмүн. Бул учурда 40тан ашык аял жөнүндө сөз болуп жатат, алар жаман шартта жашап, жардамга муктаж", -деди Бекешев.
Ошондой эле депутат өзүнүн атынан президентке жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кат даярдап жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-11

18:31
2025-08-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.