Петербургда мигранттарга курьер болуп иштөөгө тыюу салынды
Петербург шаарында мигранттарга курьер болуп иштөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, бул чаралар менен бийлик орусиялыктар үчүн көбүрөөк жумуш орундарын түзүп, кызматтардын сапаты менен коопсуздугун жогорулатууну көздөшүүдө.
Санкт-Петербург губернатору Александр Беглов мигранттардын курьер болуусуна чектөө коюу тууралуу токтомго кол койгонун шаар өкмөтүнүн маалымат башкармалыгы билдирди.
"Бул чечим кара жумуш менен күрөшүүгө, курьердик тармактагы кызматтардын сапаты менен коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле негизинен жаштар менен студенттерге жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган", — деп белгилешти бийлик өкүлдөрү.
Эске салсак, мигранттарга Петербургда ушул жылдын аягына чейин такси кызматында иштөөгө тыюу салынган.
