super.kg logo

“Беткапчан адам” үй алып берди” дейт Досматова (видео)

 

SUPER.KG медиа порталынын тагдыр берүүсүнүн бул жолку каарманы Айназик Досматова болду. Ал буга чейин “үйүм жок, балам майып, карыздарым бар” деп бизге кайрылган. Ал тууралуу мурдагы чыгарылышыбызда айтып берген элек.

Андан кийин “Беткапчан адам” каймана аты менен белгилүү болгон казакстандык блогер чоң жардам колун сунду. Ал жер үй, “Дордойдон” соода ордун алып берип, товарга чейин камсыз кылганын Айназик айым айтып өттү.

"Азыр биринчи максатым - балдарымды сабакка, келечекке болгон умтулуусуна жол көрсөтүү. Анан өзүм иштеп, бирөөлөрдүн акысы бар. Ошолорду таап берүү. Мурун элге жардамым тийсе экен деп тилек кылчумун, бирок тагдыр экен элдин жардамына муктаж болуп калдым. Мындай болот деп ойлогон эмесмин",- дейт ал.

Ошондой эле Айназик айым жашоодо туш болгон кыйынчылыктарын эстеп, келечекке чоң максаттарды коюп, алдыга умтулуп жатканын сөз кылды.

Толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: