Трамп Кытайга карата жогорулатылган тарифтерди дагы 90 күнгө токтотту
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай товарларына жогорулатылган бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн дагы 90 күнгө жылдырууну караган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул жарлык май айында АКШ менен Кытай өз ара жогорулатылган тарифтерди төмөндөтүү чечиминде белгиленген 90 күндүк мөөнөт аяктоого бир нече саат калганда кабыл алынды.
Ак үйдүн билдирүүсүндө Трамп Кытайга карата жогорулатылган бажы төлөмдөрүн токтотууну улантууну караган жарлыкка кол койгону айтылды.
Билдирүүдө бул кадам АКШ менен Кытай ортосундагы соода теңсиздиктерин жоюу, адилетсиз соода практикаларына чек коюу, америкалык экспорттун рынокко кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле улуттук коопсуздук жана экономикалык маселелер боюнча АКШ менен кызматташууну камсыз кылуу үчүн жүрүп жаткан жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү максатында зарыл экени белгиленди.
Жарлыктын негизинде Кытайдан импорттолгон товарларга карата жогорулатылган бажы төлөмдөрүн токтотуу мөөнөтү 10-ноябрга чейин узартылды.
"Кытайга карата тарифтерди токтотуу мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартылган жарлыкка кол койдум. Макулдашуунун башка бардык шарттары ошол бойдон калат",- деп жазды Трамп Truth Social соцтармагындагы баракчасына.
Эске салсак, Трамп 2-апрелде Кытайды да камтыган соода өнөктөштөрүнө кошумча бажы төлөмдөрүн жарыялаган. Кытайдын жооп кайтаруусунан кийин эки өлкө ортосунда тарифтик тирешүү башталып, анын жыйынтыгында АКШ Кытайга карата бажы төлөмүн 145 пайызга чейин көтөргөн, ал эми Кытай АКШга 125 пайыз бажы төлөмүн киргизген.
Чыңалуу күчөгөндөн кийин АКШ жана Кытайдын өкүлдөрү 10–11-майда Швейцариянын Женева шаарында тариф боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, өз ара бажы төлөмдөрүн 90 күнгө төмөндөтүү чечимин кабыл алышкан.
Анын негизинде 14-майдан тартып АКШ Кытай товарларына болгон бажы төлөмүн 145 пайыздан 30 пайызга чейин, ал эми Кытай АКШ товарларына болгон алымды 125 пайыздан 10 пайызга чейин төмөндөтмөй болгон.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду үчүн июнь айында Лондондо жолугуп, Женевада жетишилген соода келишимин ишке ашыруу боюнча "алкактуу" макулдашууга жетишкенин билдиришкен.
АКШ менен Кытай ортосундагы соода сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы июль айында Швециянын борбору Стокгольмдо өткөн.
