super.kg logo

Быйыл 20 мамлекеттик кызматкер Японияга билим алууга барат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Японияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Белгилей кетсек, бул Япония өкмөтүнүн JDS (Japan Development Scholarship) долбоорунун негизинде ишке ашып жатат.

Япон эли менен болгон кызматташтык багыттарынын ичинен JDS долбоору биз үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Япония – өзүнүн тартиби, сапаттуу билими жана заманбап технологиялары менен дүйнөгө таанылган өлкө. Ошондуктан Япон жеринде, япон элинен жаңы билимди, алдыңкы тажрыйбаны алып, Кыргыз мамлекетине кошо турган салымыңар баа жеткис болот. Биздин адистер азыркы мезгилде дүйнөнүн ар булуңунда билим алып жатышат. Алардын баарын жогору баалайбыз. Ошону менен бирге Японияда мамлекеттик башкаруу багытында алган билимдин биздин коомго, биздин экономикага пайдасы өзгөчө болот деген ойдомун”,- деди Касымалиев.

Белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен Японияга билим алууга 19 магистратурага, 1 докторантурага жөнөп жатат.

Жалпысынан 2006-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул программа аркылуу 327 стипендиат Япониядан билим алып келген. Статистика боюнча, бүтүрүүчүлөрдүн 60 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношсо, кайтып келген стипендиаттардын ичинен 50дөн ашык адам жетекчилик кызматтарда иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: