super.kg logo

Оштун мэри ректор менчиктеп алган университеттин имаратын кайтарыш керектигин айтты (видео)

 
Бүгүн, 12-августта таңкы рейд учурунда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жогорку окуу жайдын менчиктештирилип кеткен окуу корпусун, кайтарып алуу тапшырмасын койду.
Мэр көп жыл билим берүү тармагында эмгектенген, учурунда Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин ректору болуп турган техника илимдеринин доктору, профессор, академик Мухаммаджан Мамасаидов аталган окуу жайдын бир корпусун жеке менчигине өткөрүп алгандыгын айтты. Учурда бул жер жеке билим берүү мекемеси катары иштеп жатат. Калаа башчысы окуу жайга кошумча имарат керектигин айтып азыркы окуу жайдын жетекчилиги кайрылгандыгын, менчиктештирилген окуу жайдын имаратын кайтарып берүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
"Бул имарат университеттин бир факультети эле. Мага ээсин бүгүн чакыргыла. Ал өзү доктор, профессор болсо, элдин акысын алып коймок беле. Окуу корпусу жетишпей жатат деп өткөндө агай барган. Ошолорго ачып берип коёлу. Мына, маселе чечилди",- деди мэр.





Оштогу университеттин имараты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: