super.kg logo

Кытай жараны спортзалга 300 жылдык абонемент сатып алып, алданып калды

 

Кытайдын жараны фитнес-абонементтерге 120 миң доллар коротуп, аларды кайра сатып пайда табууну көздөгөн. Бирок ал спорт залдын жетекчилиги тарабынан алданып калгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Цзинь аттуу жаран спортзалдан 870 миң юандан ашуун суммага (120 миң долларга жакын) жалпысы 300 жылдык мөөнөттү камтыган 1 200гө жакын машыгуу жана абонемент сатып алган. Кийин залдын жетекчиси акчаны алып, изин жашырып кетти.

Спортзалдын жетекчилиги Цзиньге атайын акция жөнүндө айтып берип жатып, бул картаны башка кардарларга 16 666 юанга (2300 доллар) сатып өткөрүп алса боло тургандыгын билдирген. Залдын кызматкерлери кирешеден 10 пайыз өздөрүнө алып, калганын Цзиньге берүүнү убадалашкан. Мындан тышкары, эгерде абонементтер эки айдын ичинде сатылбаса, акча толук кайтарыларын айтышкан.

Цзинь спортзал менен жалпы 26 келишим түзгөн. Июлдун ортосунда спортзал Цзиньге акчанын бир бөлүгүн кайтарууга тийиш эле, бирок эч нерсе кайтарылган эмес. Июлдун аягында ал спортзалдын жетекчилиги жана бардык сатуу кызматкерлери жоголуп кеткенин байкайт. Кийинчерээк Цзинь билгендей, кол коюлган келишимдерде акчаны кайтаруу тууралуу эч кандай маалымат болбогон. Ошондой эле документтерде абонементтерди башка адамдарга берүү мүмкүн эмес экени жазылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: