Макрон аялын эркек деп атаган журналист тууралуу маалымат чогултууну тапшырды
Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жубайы Брижит Макрон аны "эркек болуп төрөлгөн" деп айыптаган журналист Кэндис Оуэнс тууралуу маалымат чогултуу үчүн адистерди жалдашты.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, жубайлар сотко кайрылуудан мурун АКШдагы Nardello & Co компаниясына Оуэнстин байланыштары тууралуу отчёт даярдатышкан. Бул документ Делавэр штатындагы доо арызга негиз катары колдонулган.
Nardello & Co отчётунда Оуэнстин Британия, АКШ жана Франциядагы оңчул саясатчылар менен байланышы, ошондой эле орус философу Александр Дугин менен X социалдык тармагындагы кат алышуусу белгиленген.
2024-жылдын март айында Оуэнс Брижит Макрон тууралуу маалыматты АКШда таратып, андан кийин YouTube’да видеосерия аркылуу дүйнө жүзүнө жайылткан.
Буга чейин Оуэнс Дональд Трамп ага Эммануэль Макрондун өтүнүчү менен чалып, Брижит Макрон тууралуу айткандарын токтотууну талап кылганын билдирген. Эммануэль жана Брижит Макрон Делавэр штатындагы сотко биринчи айым тууралуу "эркек болуп төрөлгөн" деген айыптоолор үчүн компенсация талап кылып кайрылышкан.
Париждеги сот буга чейин Брижит Макрон тууралуу ушундай доомат айткан башка журналистти актaган. Кэндис Оуэнс болсо бул иш боюнча соттошууга даяр экенин жарыялады.

