super.kg logo

Композитор Сатылган Осмонов каза болду. Некролог

 

Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү композитор, педагог жана коомдук ишмер, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Сатылган Осмонов 87 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Сатылган Осмонов 1938-жылы Чүй өрөөнүндөгү Кегети айылында туулган. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайды аяктагандан кийин Ташкент консерваториясында окуп, ошол эле учурда педагогдук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Дал ушул жылдары анын алгачкы олуттуу чыгармалары музыка чөйрөсүндө чоң кызыгуу менен кабыл алынып, өзгөчө таасирдүүлүгү менен айрымаланып турган.

Анын чыгармалары чыныгы драматизм, баатырдык, эпикалык кеңдик жана эң башкысы лирикалык тереңдик менен айырмаланып турчу. “Ак-Мөөр” симфониясы, скрипка үчүн оркестр коштоосундагы концерттери, жана симфониялык поэмалары, камералык ансамблдери, хорлору, романстары угармандардын эсинде узакка сакталуучу чыгармалар болуп сакталып калды.

Осмоновдун чыгармачылыгында өзгөчө орунду “Сепил” операсы ээлейт, ал 1987-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында коюлуп, улуттук колоритке бай, мазмуну жана музыкасы жагынан масштабдуу табылга катары бааланды.

Ири формалар менен катар Сатылган Осмонов педагогикалык репертуар үчүн көптөгөн музыкалык чыгармалары, аспаптык пьесаларды, ырларды жана вокалдык циклдерди жазды. Өзгөчө баалуу мурастарынын катарына Кыргыз Республикасынын эл акыны
Жакшылыковдун сөздөрүнө жазылган 25 романстан турган эки цикл кирет, булар анын лирикалык өнөрүнүн чокусу болуп калды.

“Алымбек менен Курманжан” аттуу улуттук тарыхый-драмалык опера анын акыркы жазган чыгармаларынан болуп саналат.

Осмоновдун улуттук музыканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, ал эми 2019-жылы Эл артисти ардак наамдары ыйгарылган.

1990-жылы Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын жана 2007-жылы Абдраев атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон. “Ардак Белгиси” ордени жана Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бүтүндөй өмүрүн чыгармачылыкка арнап, маданият жана искусство тармагына өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү композитор Сатылган Осмоновдун жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият, искусство жана музыка сүйүүчүлөрдүн, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: