Эртең, 13 - августта саат 10:00дөн 15:00гө чейин Бишкектеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Өчүрүү району :
- "Берен Голд" соода борбору;
- Шопоков №98 турай үйү;
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

Маалым болгондой, суу түтүктөгү жабдууларды алмаштырууга байланыштуу өчүрүлөт.