super.kg logo
  Саясат  

Шайлообек Атазов: "Мелис Мырзакматов баштаган иштер аягына чыксын"

 
Ош шаарында митинг уланууда. Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов ("Улуттар биримдиги") "Биз мэр шайлоодо Мелис Мырзакматовго добушубузду берип чыктык. Ага каршы добуш берген 25 депутат имараттын артынан качып чыгып кетти. Шаардык кеңешти таркатышыбыз керек, биздин фракциянын депутаттары мандаттарын тапшырат",- деди. Атазов шайлоого бийликчил депутаттар жакасына видеокамера тагып киришкенин да билдирди. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-январда Ош шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: