Уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөлөрү менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү(фото)







Уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы күрөшүү жана коомчулук арасында кылмыштуу идеялардын кайра жаралуусуна бөгөт коюу үчүн мурда кылмыштуу топторго катыштыгы болгон жарандар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-августта УКМКга мурда жоюлган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топторунун курамында болгон адамдар жеткирилген.
Жеткирилгендер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга кылмыштуулук идеологиясын жок кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана уюшкан кылмыштуу топтордун идеяларынын кайра жаралуусуна жол берилбестиги тууралуу маалымат берилди. Алар жүргүзүлүп жатка иш-чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, мамлекеттик органдардын ишин колдой тургандыктарын билдиришип, кылмыш дүйнөсүнөн баш тартышканын ырасташты.
Эске сала кетсек, УКМК тарабынан кылмыштуу топторду жана жамааттарды жок кылууга, ошондой эле кылмыштуу идеологияны жайылтууга бөгөт коюуга багытталган бир катар иш-чаралар тынымсыз уланууда.

