Жунушалиев Балбан-Таймаш конушунун тургундары менен жолугушту
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Балбан-Таймаш конушунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, мэрияга Биринчи май районундагы Балбан-Таймаш конушунун тургундарынан айрым көйгөйлөрдү чечүү өтүнүчү менен кайрылуу түшкөн.
Аталган кайрылуунун негизинде шаар башчысы Айбек Жунушалиев жерине чыгып, тургундардын маселелерин ыкчам чечүү максатында жолугушуу өткөрдү. Конуштун жашоочулары жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, билим берүү мекемелеринин курулушу, канализация жана газ менен камсыздоо маселелери боюнча жардам көрсөтүүнү суранышты.
Мэр шаардык кызматтарга бул конушта мектеп, бала бакча жана балдар аянтчасынын долбоорлорун иштеп чыгууну, ошондой эле МАБ курулушун баштоону тапшырды.
Жунушалиев тургундарды тынчсыздандырган бардык маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү жана Биринчи май районунун акимиатына ишти жеке көзөмөлгө алуу милдетин койду.

