Эрдоган Украина боюнча саммитти Түркияда өткөрүүнү сунуштады
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Украина боюнча саммитти кабыл алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
"Түркия лидерлердин саммитин өткөрүүгө даяр, аскердик, гуманитардык жана саясий багыттагы жумушчу топтордун түзүлүшү жогорку деңгээлдеги жолугушууга жол ачат", — деди Эрдоган.
Сүйлөшүү учурунда Эрдоган Орусия менен Украина ортосунда Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүлөрдө жетишилген прогрессти белгилеп, кийинки раунддардын натыйжалуу болушуна үмүт артканын билдирди. Мындан тышкары, Түркия Украина мамлекетинин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын белгиледи.
23-июлда Стамбулда Орусия менен Украина ортосунда түз сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өтүп, анда эки тарап "1200гө 1200" туткун алмашуу боюнча макулдашууга жетишкен. Ошондой эле Москва консультацияларды улантуу үчүн үч жумушчу топ түзүүнү сунуштаган. Бирок, орусиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский белгилегендей, тараптардын меморандум долбоорлору боюнча көз караштарында айырмачылыктар бар.

