Зеленский учурда Орусиянын көзөмөлүндө турган аймактарды өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты
Украина президенти Владимир Зеленский Европа союздаштарына согуш аракеттерин токтотууга жана азыр Орусиянын көзөмөлүндө турган аймактарды өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу The Daily Telegraph маалымдады.
Зеленский, Орусия жана АКШ президенттеринин Аляскадагы жолугушуусунун алдында европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдө, эгерде Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планы Украинадан кошумча аймактарды берүүнү талап кылса, аны кабыл албай турганын баса белгиледи.
Басылманын маалыматында, мындай позиция Украина фронт сызыгын тоңдурууга макул болуп жатканын билдирет. Ошол эле учурда, Зеленский ишенимдүү кепилдиктерге, анын ичинде курал-жарак жеткирүүгө жана НАТОго мүчө болууга үмүт артууда.
Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусу 15-августта Аляскада өтмөкчү. WSJ маалыматына ылайык, эгерде Украина Донецк облусунун азырынча Киевдин көзөмөлүндө турган үчтөн бир бөлүгүн өткөрүп берсе, Путин ок атышууну токтотууга макул. Зеленский болсо, Украина өз жерин Орусияга “бекер бербей турганын” айтты. Европалык аткаминерлер WSJга билдиришкендей, эгерде Украина Донецк облусунун толугу менен өткөрүп берсе, анда Орусия Запорожье менен Херсон облустарынын оккупацияланган бөлүгүнөн аскерлерин чыгарышы керек.

