Таластагы аэропортто автоээнбаштык жасаган жаран айыпка жыгылды (видео)
Талас шаарындагы аэропорттун унаа токтоочу жеринде Audi үлгүсүндөгү унаасы менен автоээнбаштык жасаган жаранга чара көрүлдү. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Башкармалык ага карата Укук бузуулар кодексинин негизинде 15 миң сом айып пул салынганын, унаасы айып короого киргизилгенин белгиледи.
"Коомду ачыктан ачык сайлабагандыгын көрсөтүп, автоээнбаштык жасаган айдоочу жол тескөөчүлөрү тарабынан ыкчам түрдө табылды", - деп айтылат маалыматта.
13.08.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-08-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.