Техаста кооптуу заттарды ташып бара жаткан поезд рельстен чыгып кетти (видео)
Кооптуу материалдарды ташып бара жаткан поезд Техас штатындагы Пало-Пинто округунда кырсыкка учурады. Бул тууралуу 12-августта ABC News телеканалы жергиликтүү кызматкерлерге шилтеме берүү менен кабарлады.
"Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 19:00дө) Коалвилл-роуддагы темир жол көпүрөсүндө, Техас штатындагы Гордон шаарынан болжол менен эки миль чыгыш тарапта болгон",- деп айтылат макалада.
Жалпысынан 35тей вагон рельстен чыгып кеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок экени кабарланды. Поезд "Union Pacific Railroad" компаниясына таандык экени такталды.
Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаал кызматкерлери иш алып барышууда. Өрт өчүрүүчүлөр айланасындагы өсүмдүктөрдүн күйүшүн токтотууга аракет кылып жатышат. Кырсыктын себеби такталууда.
13.08.25
