Кытай менен мамилени токтотууга Чехиянын жообу
Чехиянын президенти Петр Павелдин Индияда XIV Далай-лама менен жолугушуусуна байланыштуу Пекиндин Чехия президенти менен мамилени токтотуу тууралуу билдирүүсүнө президенттик администрациясы жооп берди. Бул тууралуу Прага радиосу кабарлады.
Президенттик администрациянын билдирүүсүндө айтылгандай, Кытай менен Чехиянын лидерлери арасында түз байланыш жок, ошондуктан Пекиндин бул кадамы учурдагы кырдаалды өзгөртпөйт.
"Республика президентинин Далай-лама менен жолугушуусу таптакыр жеке мүнөздө болгон",- деп белгиледи Чехия президентинин администрациясы.
Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский да бул сапар тууралуу комментарий берди.
"Чехия дипломатиясынын атынан дагы бир жолу кайталайбыз - бул сапар таптакыр жеке болгон. Президент мырза Далай-лама менен анын маанилүү мааракесине байланыштуу жеке куттуктоо үчүн жолуккан",- деди ал.
Анын айтымында, Кытай тарап бул сапарды дал ушундай мүнөздө кабыл алышы керек.
Мунун алдында Кытай ТИМинин расмий өкүлү Линь Цзянь Петр Павелдин Индияда сүргүндө жашап жаткан Далай-ламага баруусу Кытайдын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтиргенин билдирген.
Линь Цзянь ошондой эле Пекин мындай жолугушууларды кескин айыптап, каршы экенин жана Чехия тарапка нааразычылык билдирерин белгилеген.
