Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чокулардын бирин багындырды
Кыргызстан альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү бийиктиги боюнча экинчи чоку - К2 чокусун багындырды. Ал топтук курам менен 11-август күнү эртең менен чокуга жеткени Алан Арнатте блогунда кабарланды.
Маалыматка ылайык, Кубатов кычкылтек баллондорун колдонбой чокуга жеткен, бул көтөрүлүүнү кыйла татаалдаштырган. Андан сырткары, чокуну багындыруу оор аба ырайынын шарттарында өткөн.
Эдуард Кубатов 4-августта жазган постунда да ал күндөрдө оор аба ырайы болорун, бирок акыркы мөөнөттөргө чейин ал жакта каларын жазган.
"Эми баары Жаратканга байланыштуу. Эл аралык альпинисттер күнүңөр менен! Баарыңарды сүйөм жана урматтайм! Биз 52 киши элек, азыр 14 калдык. Ишенем! Жана колдооңуздар үчүн элим, рахмат!",- деп жазган ал.
Маалымат үчүн: К2 чокусу Пакистан жана Кытай чек арасында жайгашкан. Дүйнөдөгү эң бийик чокулардын экинчиси. Деңиз деңгээлинен бийиктиги - 8611 метр. Жергиликтүү эл Чогори (чо - бийик, гори - тоо) деп аташат.

